Бүгүн, 30-декабрда бала бакчалар арасында Жаңы жылга карата мурда жарыяланган видео куттуктоо сынагынын жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалымдалгандай, 1-орунду №186 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 2-орунду №124 мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 3-орунду №57 мектепке чейинки билим берүү мекемеси ээледи.
Белгилей кетсек, бардык жеңүүчүлөргө түстүү принтерлер, компьютерлер, балдар үчүн лего комплекттери жана балдарга таттуу белектер тапшырылды.
Мындан тышкары №127, №18, №26, №24, №100 бала бакчаларга балдардын лего комплекттери түрүндөгү кызыктыруучу сыйлыктар жана балдарга таттуу белектер тапшырылды.