Бишкекте Киев көчөсүндөгү аялдамада жол белгилери пайда болду

Бишкек шаарында коомдук транспорттун тоскоолдуксуз кирүүсү жана чыгуусу үчүн аялдама комплекстерде пилоттук режимде атайын белгилер, сигналдык мамычалар жана тиешелүү жол белгилери орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи этап Раззаков менен Орозбеков көчөлөрүнүн ортосундагы Киев көчөсүндөгү аялдама комплексинен башталды ("Агропром"имараты).

Эми аялдаманын жанындагы атайын тилкеге муниципалдык автобустардан башка транспорттун түрлөрү кире албайт.

Эгерде бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, ушул сыяктуу белгилер башка аялдама комплекстерине дагы орнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан