ИИМ өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаранды кармады

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2021-жылы белгисиз жаран ишкердин ишенимине кирип, каржылык колдоо көрсөтүүчү уюмдарды табам деп убада берип, анын 0,90 гектар жер тилкесинде жайгашкан жерин менчиктеп алган. Ал жер тилкесинин баасы 4 миллион долларды түзөт. Учурда жерди курулуш компания менен алмашкандыгы туурасында маалыматтар такталууда.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада шектүү катары 1978-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран Казакстанга чыгып кетип жатканда кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан