Ош облусунда узакка созулган атайын операциянын натыйжасында баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-октябрда Ош ШИИБине сатуу максатында баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо боюнча арыз катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин ыкчам каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ош шаарынын тургуну, буга чейин 8 жолу соттолгон, 1991-жылы туулган М.у.Н. жетектеген ал топто 1999-жылы туулган Н.у. Н., 2000-жылы туулган З.у.Ч., 1998-жылы туулган Б.у.М. бар экендиги аныкталган.
"Кылмыштуу топ Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенген. 18-декабрда М.у.Н. кармалып, аны унаасын текшерүү учурунда эки бычак табылып алынган. 20-декабрда Б.у.М. кармалып, унаасын текшерүү учурунда гашиш баңгизаты табылган. Андан соң мурда аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, шектүүлөрдүн баары Ош шаарынын тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда тергөө амалдары уланууда.