Бүгүн, 8-январда футзал боюнча “Наристе-2014” Эл аралык мелдешинин финалдык оюндары орун алат

 Бүгүн, 8-январда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтүп жаткан футзал боюнча “Наристе-2014” Эл аралык мелдешинин финалдык оюндары болот. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда уюштуруу тобунун мүчөлөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач 35 жаштан жогорку жаш курагындагылар арасында жана 45 жаштан жогоркулар арасында 3-орун үчүн оюндар болот. Андан кийин финалдык оюндарга орун берилет.

35 жаштан жогорку жаш курагындагылар арасында 3-орун үчүн “Ала-Тоо” жана “Беловодск” командалары кез келет (11:00дө башталат). Бул категорияда 13:00дө башталуучу финалдык оюнда “Булат”-“Алга” тиреши орун алат.

45 жаштан жогорку жаш курагындагылар арасында 3-орунду “Ала-Тоо” - АЗ 67 (Казакстан) командалары талашат. Бул оюн саат 12:00дө старт алат. Ал эми күндүн жыйынтыктоочу финалдык оюну 14:00дө “Фарватер” – “Наше Пиво” командаларынын ортосунда болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан