Кечээ, 31-декабрда Орусияда жол кырсыгынын кесепетинен төрт кыргызстандык каза болду. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, кырсык Оренбург облусунун Бузулук районундагы Алдаркино айылына жакын жерде болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тарапка чыгып, унаа ташыган машинаны сүзүп алган. Кырсык боюнча иликтөө иштери башталды.
Министрлик Кыргызстандын 4 жараны каза болгонун билдирди. Алар: 1976-жылы туулган Р.Н., 1982-жылы туулган Б.Т., 1986-жылы туулган Д.А., 1990-жылы туулган С.Н. Ал эми жашы жете элек бир бала денесинен жаракат алган жана Бузулук шаарынын ооруканасына жеткирилген.
Орусиядагы элчиликтин кызматкерлери учурда бардык жагдайлар боюнча иш алып барып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.