ӨКМ кышында тоого баргандарга коопсуздук эрежелерин эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кышкы каникулда тоодо эс алып жүргөн жарандарга коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Алар:
1. Тоо маршрутунун татаал тилкесине даярданбастан, климатына көнбөстөн жүрүшкө эч качан жалгыз чыкпаңыз;
2. Кышында тоо эс алуу базасынын лыжа тебүү тилкесинин коопсуздугун текшерип алуу оң;
3. Тоодогу жагымсыз шарттарда – калың кар түшкөн соң 2-3 күндөн кийин, туманда, төмөнкү температурада, кар көчкү жүрчү аймактарга чыгууга болбойт;
4. Аба ырайы бузулганда, караңгыда, кечке жуук жүрүш жасабаңыз. Күндүзгү жөө жүрүштүн негизги бөлүгү эртең менен жасалганы ийгиликтүү;
5. Тоо жүрүшүндө спирт ичимдиктерин ичүү ден соолукка зыян экенин эстен чыгарбаңыз;
6. Таштары бош ойдуңдардан өйдө-ылдый чыгуудан качыңыз;
7. Аскалардын боорунан, муздан өткөндө абайлайлы. Анткени тайгак;
8. Жыгылып калганда, жаракат алганда өзүңүздү-өзүңүз кармап, жардам чакырыңыз;
9. Башты соккудан коргой турган каска, дененин ачык бөлүктөрүн күнгө күйүүдөн, аппак карга алдыруудан сактоо үчүн кол жана бет кап кийүү зарыл:
10. Аскаларды бойлой же таштан-ташка секирбей, жай жылып түшүңүз;
11. Карлуу эңкейиштерден эртең менен өтүү керек (күн жакшы тие электе);
12. Катуу жамгыр, мөңдүр жааса, аба ырайы кескин суук болсо, тоодогу жүрүштү токтотуу зарыл;
13. Эгерде тоодо жүргөндө күн күркүрөсө, темир буюмдарыңыздан, жалгыз дарактан, суу жээгинен алыс болуңуз. Анткени булар чагылганды өзүнө тартарын унутпаңыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан