Чүйдө унаанын ичинде салют аткан жаранга айып салынды (видео)

Чүйдүн Кант шаарында унаанын ачинде салют аткан жаранга 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2-январда Фольксваген гольф 6 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ленин көчөсү менен баратып унаанын ичинен салют аткылаганы аныкталган.

Ага карата Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык 15 миң сом айып пул салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.

Айдоочу бул кылыгы үчүн жарандардан кечирим сурады.


04.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан