Мексикада дайынсыз жоголгон Ж.Ж. аттуу кыргызстандык жаранды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
"АКШдагы Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери Мексиканын АКШдагы элчилигинин, Орусия жана Казакстандын Мексикадагы элчилигинин көмөгү менен Кыргыз жаранын издөө боюнча зарыл ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Мексиканын ыйгарым укуктуу органдарына кыргызстандык жаранды издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлдү.
Колдо болгон маалымат боюнча, аталган жаран Канкун шаарында (Мексика) болгон жана Кыргызстанга учуп келүүнү пландап жаткан", - деп билдиришти министрликтен.
Министрлик ошондой эле элчилик дайынсыз жоголгон жарандын жакындары менен байланышта экенин кошумчалады.
Буга чейин Ассоль Молдокматова 36 жаштагы Жаныбек Жакыпов аттуу жаран АКШдан Кыргызстанга келе жатып, Мексикада дайынсыз жоголгонун билдирген.