Чылым чеккени үчүн жазалаган. Бишкектеги мектепте болгон окуянын чоо-жайы (видео)

Бишкекте окуучулар сабалды делген факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү маалымдады.

Ага ылайык, мектеп администрациясынын өкүлдөрү жана балдардын ата-энелери чакыртылган. Териштирүүдө 9-класстын президенти 8-класстын балдары тамеки чегип жатканын көрүп, аларды жазалоо максатында бетке чапканы белгилүү болгон.

Ошондой эле 8-класстын үч окуучусу дагы суралып, чылым чегип жатканда кармалышканын тастыкташкан жана урган окуучу алардан акча талап кылбаганын айтышкан. Мындан улам өспүрүмдөрдүн ата-энелери арыз жазуудан баш тартышкан.

Милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн, 9-класстын окуучусунун ата-энесине Укук бузуулар кодексинин 102-беренеси (Ата-энелик жоопкерчиликтен качуу) боюнча протокол түзүлгөнүн белгилеп, чогултулган материалдар Балдар иштери боюнча комиссияга жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда өспүрүм бала №44 мектептин окуучуларын чаап жатканы тартылган видео тараган болчу.

06.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан