Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Ильдар Амиров канттык “Абдыш-Ата” футболдук клубу тарабынан Ош шаарынын “Алай” командасына ижарага берилди. Бул тууралуу канттык клубдун башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов билдирди.
Анын айтымында, ижаранын мөөнөтү 2 айды түзөт.
Эске салсак, “Алай” клубу 2-февралда АФКнын Кубогунун тандап алуу турунда Палестинанын чемпионуна каршы оюн өткөрөт.