Өзгөндө киши сүзүп алып, качып кеткен айдоочу кармалды (видео)

Өзгөн районунда 52 жаштагы жаранды сүзүп алып, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалымдагандай, кечээ саат 19:00 чамасында Жылалды айылында 52 жаштагы жаранды белгисиз унаа сүзүп, айдоочу из жашырып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага кайрылган.

Кайгуул кызматынын кызматкерлери изин жашырып кеткен айдоочуну кармап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Анын унаасы үйүнүн короосунан табылып, айып короого токтотулду.

07.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан