"Реал Мадриддин" лидери жаңжалдан кийин дисквалификацияланды

Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун жылдыз оюнчусу Винисиус Жуниор Ла Лиганын 12-турдук оюнунун алкагындагы "Валенсия" клубуна каршы оюнда кызыл айып кагазын алганы үчүн эки оюнга дисквалификацияланды. Бул тууралуу Испаниянын Футбол федерациясынын дисциплинардык комитетинин отчётунда айтылат.

Мындан тышкары бразилиялык футболчу 600 евро, мадриддик клуб 700 евро айып төлөшү керек.

Эске сала кетсек, "Валенсия" менен болгон оюнда Винисиус Жуниор атаандаштарынын дарбазасынын жанына чабуулдан кийин отуруп калган. Ошол убакта аны "Валенсиянын" дарбазачысы Столе Димитриевски артынан түрткөн. Буга жооп кылып бразилиялык футболчу аны кайра эки колу менен моюн жагынан жыга түртүп, оюндан четтетилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан