Өлкөдө сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон.
Өрт катталган аймактар:
Бишкек шаарында 3,
Жалал-Абад облусунда 3,
Чүй облусунда 2 өрт катталды.