Бишкек шаарында уурулукка шектелип 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 27-декабрында милицияга бир жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Новопокровка айылында жайгашкан соода түйүндө саттыкта турган азык-түлүктөрдү уурдатканын айткан. Жабырлануучу 21 миң 800 сом материалдык зыян тарткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.