Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, 10-январда республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8 ... -13, күндүз +3 ... +8;
Талас жергесинде түнкүсүн -8 ... -13, күндүз +3 ... +8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3 ... -8, күндүз +4 ... +9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7 ... -12, күндүз 0 ... +5;
Нарын дубанында түнкүсүн -16 ... -21, күндүз -2 ... -7;
Бишкекте түнкүсүн -8 ... -10, күндүз +3 ... +5 градус жылуу болот.