Сот Бишкек прокурорунун мурдагы орун басарына 1,8 миллион сом айып салды

Бишкек шаарынын прокурорунун мурдагы орун басары Эдилбек Ыдырыс уулуна 1 миллион 800 миң сом айып салынды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-январда Биринчи май райондук сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, райондук сот аны 2-декабарда Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Эске салсак, былтыр октябрь айында Бишкек шаарынын прокурорунун ошол кездеги орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу менен шаардык прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеев камакка алынганы маалым болгон. Айрым ЖМКлар күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, алар ортомчу аркылуу Бишкек шаарынын вице-мэри Рамис Алиевден мурун жетектеп келген "Тазалык" муниципалдык ишканасын текшерүүнү токтотуу үчүн 5 миң доллар талап кылышканын жазып чыгышкан.

Биринчи май райондук сотунан 11-декабрда Жаманкеевдин үй камактагы мөөнөтү 21-январга чейин узартылганын да билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан