Бишкекте жоголгон 6 жаштагы бала аман-эсен табылды

Бишкек шаарында жоголгон 6 жаштагы Алымбек Торобеков аман-эсен табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Кабарга ылайык, бүгүн, 9-январда «102» кызматына белгисиз аял тарабынан бала уурдалгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты райондук милициянын Маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынган.

Милиция бөлүмүнө 42 жаштагы С.Е. аттуу жаран (баланы жетелеп кеткен аял) жеткирилди. Анын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Айта кетсек, бүгүн ЖМКларда 6 жаштагы бала дайынсыз болуп жатканы тууралуу кабарланган.

09.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан