Бүгүн, 9-январда "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Ош-Каракол-Ош багыты боюнча биринчи каттамын аткарды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Манасбек Самудинов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Айтымында, каттам убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт. Каттамдар жумасына эки жолу - бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Билеттин баасы 4100 сомдон башталат жана аны "Asman Airlines" мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот. Мындан тышкары, авиакомпания төмөнкү багыттар боюнча каттамдарды сунуштайт:
- Бишкек – Талас (жумасына бир жолу)
- Бишкек – Ош (күн сайын)
- Бишкек – Жалал-Абад (жумасына 5 жолу)
- Бишкек – Баткен (жумасына 3 жолу)
- Бишкек – Раззаков (жумасына 3 жолу).
- Бишкек – Каракол (жумасына 2 жолу)
Самудинов январь айынын аягында Бишкек-Кербен багыты боюнча каттам аткарыла баштаарын кошумчалады.