"Манас" аэропортунда адамдар эвакуацияланып, оюнчук граната табылды

"Манас" аэропортунда гранатага окшош буюм табылып, адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 9-январда саат 19:42 чамасында аэропорттогу "DOPPIO" кафесинин арткы тарабында курулушчулардын арасынан гранатага окшош шектүү буюм табылган.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, дароо аэропорттун аймагы курчоого алынып, бардык жарандар жана жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

Милиция кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте керектүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп, сапёрлор тобу жеринде иштеп, натыйжада табылган граната оюнчук болуп чыккан.

"Келүү же учуп кетүү боюнча эч кандай кечигүү болгон жок, азыр кордон алынып, аэропорт кадимки режимде иштеп жатат.

Учурда оюнчук граната койгон кол салгандарды аныктоо жана кармоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан