"Манчестер Сити" 20 жаштагы өзбекстандык футболчуну 50 миллион еврого сатып алышы мүмкүн

Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубу коңшу Өзбекстан курамасынын коргоочусу Абдукодир Хусановду сатып алуу үчүн 50 миллион евро берүүгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Англиялык клуб Хусанов учурда ойногон "Ланс" клубуна бонустарды кошкондо 50 миллион евро өлчөмүндө сунуш киргизген. Хусанов өзү "Манчестер Ситиге" өтүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатат.

20 жаштагы Абдукодир Хусанов 2023-жылдан бери Франциянын "Ланс" клубунда ойноп келет. Футболчунун клуб менен келишими 2027-жылга чейин түзүлгөн. Быйылкы сезондо Хусанов бардык турнирлерде "Ланс" үчүн 16 беттеш өткөрүп, бир гол киргизип, бир жолу голдук пас чыгарып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан