Жеке курулуштардан мамлекеттин карамагына өткөн 80 батир январь ичи сатылат

Жоопко тартылган курулуш компаниялардан мамлекеттин балансына өткөн батирлер январь ичи сатылат. Мындай билдирүүсүн бүгүн, 10-январда Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысынын орун басары Нурадил Баясов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы 80 батир январь ичи колдонууга берилип, баасы льготалык же социалдык ипотека менен берилген батирлерден жогору болот.

Баясов батирлерди 19 жашка толгон Кыргызстандын жараны, соңку үч жылда кыймылсыз мүлк өзүнө каттабаган, батирдин жалпы баасынын 50 пайызын бере алган муктаждар алууга мүмкүнчүлүк ала тургандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан