Том Хаддлстоун чачын 10500 еврого сатты

Англиялык “Халл Сити” футболдук клубунун жарым коргоочусу Том Хаддлстоун интернет-акуцион аркылуу чачын 10500 еврого сатты. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда англиялык басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, футболчу кезектеги голун киргизгенге чейин чачын кырктырбоо тууралуу чечим кабыл алган. 32 ай бою гол киргизбеген Том 28-декабрда орун алган “Халл Сити”-“Фулхэм” оюнунда 1 гол киргизип (оюн 6:0 эсебинде аяктаган), чачын кырктырган.

Андан соң ал чачын аукционго коюп, 10500 еврого сатты. 27 жаштагы футболчунун айтымында, бул каражат кайрымдуулук иштерине жумшалат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nsk-mk
2014-01-08 12:52:25
"акуцион" аркылуу сатканы кызык экен)
0
Bekbol.94kg
2014-01-11 00:33:35
анын чачын эмне кылат ха-ха 10500 эврого алгам деп уйуно илет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан