Нарында жол четиндеги лампочкалардын бирин дагы калтырбай талкалап кетишти (видео)

Нарын шаарындагы ички көчөлөрдүн биринин лампочкаларын белгисиз адамдар талкалап кетишти. Видеону Нарын шаардык мэриясы бөлүштү.

"Бүт талкалаптыр, эч бирин калтырбай. Акмактардын кылганы да. Жакшынакай эле күйүп турчу. Башынан аягына чейин кетиптир", - деди видеонун автору.

Нарын шаардык мэриясы өз кезегинде шаардыктарды мүлктөргө аяр мамиле кылууга чакырды.

"Инфраструктураны жакшыртуу менен жергиликтүү жашоочуларга шарт түзүү максатында жасалган эмгектерди биргеликте сактоо өнүгүүгө өбөлгө жана жогорку маданияттуулукту билдирет!
Шаарыбыздын ар бир тургунунан, мейманынан жасалган эмгектерди атайылап бузуудан алыс болууну өтүнөбүз", - деп билдирди Нарын мэриясы.

Нарында лампочкаларды талкалап кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан