Ырчы Бегимай Турусбекова Орусиянын "Царица" аттуу музыкалык шоу-сынагында экинчи орунду алды. Ал сынактын финалдык чыгарылышында "Обезоружена" ырын аткарды.
Финалдык турда Турсбекова калыстар тобунан 38 упай, ал эми көрүүчүлөрдөн 8,59 упай алып, жалпы 46,59 упай менен 2-орунду ээледи. Ал эми аталган долбоордо 49,62 балл менен Светлана Ларионова жеңүүчү аталды.
Аталган сынак эл ичиндеги таланттарды таанытуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
Белгилей кетсек, учурда Бегимай Турусбекова бир нече кинолордо роль жаратып, ырчылыкка дагы кадам таштаган.