Быйыл республика боюнча 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландаштырылууда

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөттөн билдиришкендей, ага тармактык министрликтердин жетекчилери, туризм тармагынын өкүлдөрү катышты.

Жыйында туристтер үчүн инфраструктураны жакшыртуу, туристтик секторго инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жаңы туристтик маршруттарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

"2025-жылы республика боюнча 40 туристтик базаны ишке киргизүү пландаштырылууда. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары тарабынан локациялар сунушталган, сунушталган жерлердин жалпы саны 156, облустар боюнча:

  • Баткен облусу - 7,
  • Жалал – Абад облусу-29,
  • Ысык - Көл облусу-40,
  • Нарын облусу – 34,
  • Ош облусу – 23,
  • Талас облусу – 10, Чүй облусу – 13.

Бул контекстте берилген жерлерге объекттерди куруунун керектөөлөрүнө жана аларды коммерциялык пайдалануунун келечегине талдоо жүргүзүү, жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү инвесторлор менен зарыл консультацияларды өткөрүү зарыл. Биз тейлөөнү жакшыртууга, уникалдуу маршруттарды өнүктүрүүгө жана саякаттын бардык этаптарында коопсуздукту камсыздоого тийишпиз", - деди Амангелдиев.

Кеңешменин жүрүшүндө "туристтик базалар" долбоорун ишке ашыруунун жол картасын иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Ага ылайык өлкөнүн ар бир районунда бирден туристтик объектти ишке киргизүү сунушталууда. Долбоорлорду ишке ашыруу механизми, бул дестинациялар үчүн конкреттүү стандарттарды иштеп чыгуу жана аларды каржылоо механизми маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан