Кыргызгидромет кызматынын маалыматына караганда, 12-январда республиканын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5 ... -10, күндүз +2 ... +7;
Талас жергесинде түнкүсүн -3 ... -8, күндүз +7 ... +12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3 ... -8, күндүз +5 ... +10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5 ... -10, күндүз 0 ... +5;
Нарын дубанында түнкүсүн -20 ... -25, күндүз -4 ... -9;
Бишкекте түнкүсүн -5 ... -7, күндүз +4 ... +6 градус жылуу болот.