SUPER.KG порталына Ноокат районунун Русланбек Рахмонов аттуу тургуну кайрылды. Ал бир жаш он бир айлык уулу Хамза Кыргызстанда чанда кездешкен ооруга кабылганын айтып, анын дарылануусу үчүн калктан жардам сурады.
"Хамзага дүйнөдө өтө сейрек кездешүүчү СМА диагнозу коюлуп, азыркы учурда каражат топтоого эсеп ачтык. Бул оорунун дарысы өтө кымбат турат экен. Буга байланыштуу кыргыз элинен жардам сурап атабыз. Кымбат болсо да ошол дарыны алып, баламды сактап калганга, элдин балдарына кошконго аракет кылып жатабыз. Өз салымыңыздарды кошо кетсеңиздер" дейт ал.
Рахмонов СМАга каршы бир уколдун "Золгенсма" баасы 170 миллион сом турарын, учурда анын 7 миллион сому топтолгонун билдирди.
Хамзага жардам берүү үчүн реквизиттер: