Ош шаарында автоээнбаштык жасаган 5 үлпөт той кортежине 75 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда чоң жолду жаап, терезелерден тулку боюн чыгарып, башка унааларга тоскоолдук жаратуу менен бара жаткан 5 үлпөт той кортежинин видеосу тараган.
Милиция кызматкерлери тартип бузгандардын унааларын айып короого токтотту. Ар бир айдоочуга 15 миң сомдон жалпы 75 миң сомго айып салынды.