9 жаштагы Аяс Исагалиев брутон оорусу (иммуножетишсиздик) менен жабыркап, элдин жардамына муктаж болуп турат. Анын апасы Наргиза Шамырова Аяска чет өлкөдө операция жасатуу үчүн 60 950 доллар керек болуп жатканын айтып, элге кайрылды.
"Ооруга байланыштуу баламдын иммунитети абдан начар, себеби көптөгөн вирустарга кабылат. Ошондон улам Аяс тез-тез ооруп, бир кулагы укпай калат. Иммунитетин сактап калуу үчүн айына бир жолу «Октагам» дарысын алат.
Анын өмүрүн сактап калуу үчүн зарыл болгон жилик чучугун трансплантациялоо үчүн каражат чогултууга бизде өтө аз убакыт бар.
Бул операция 60950 доллар турат. Тилекке каршы, биздин өлкөдө жасалбайт, чет өлкөдө дарыланууга мүмкүнчүлүк таптык, бирок сиздердин колдооңуздарсыз жасай албайбыз!
Ар бир берген жардамыңыз, кичине болсо да, чечүүчү болушу мүмкүн... 9 жашар баламдын өмүрү үчүн болгон бул оор күрөштө бизди колдоп коюңуз" дейт ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: