Нурлан Эрматов жаңы кызматка дайындалды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп Нурлан Эрматов дайындалды. Бул туурасында Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Мамасалы Акматов аркалап келген. Ал 11-январда иштен бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан