Улуттук банк шылуундардын жаңы схемасы тууралуу эскертти

Улуттук банк жарандарды «акча кайтарып берүү» деген алдамчылардын жаңы схемасына алданып калбоого чакырды.
Мекеме билдиргендей, шылуундар мессенджер аркылуу жарандарга Улуттук банкка тиешелүү делген жалган сайтка шилтеме жиберип, акча кайтаруу кызматтарын сунуштоодо.
Ага ылайык, Улуттук банк мессенджерлер аркылуу жарандарга билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана акчаны кайтаруу кызматтарын көрсөтпөйт.
"Мындан тышкары, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз.
Эгерде сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз" дешти башкы банктан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан