Футбол боюнча жаштар курама командасы “Алга” футболдук клубу менен жолдоштук оюн өткөрөт

Футбол боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы “Шериктештик кубогу-2014” мелдешине даярдык иретинде бишкектик “Алга” клубу менен жолдоштук оюн өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда уюштуруу тобунун мүчөлөрү кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолдоштук беттеш эртең, 9-январда КРнын Футбол федерациясынын Футболдук борборунда өтөт. Оюн 15:00дө башталат.

Эске салсак, “Шериктештик кубогу-2014” мелдеши 24-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында старт алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан