Каракол шаарында Subaru Forester үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалымдагандай, ал унаасын чимирилте айдап, автоээнбаштык жасаган. Мындан улам айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде айып пул салынып, унаасы болсо айып короого киргизилди.