Ысык-Ата районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-декабрда милицияга 47 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол түнү Красная-Речка айылында токтоп турган КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын аккумуляторун уурдап кетишкенин айткан.
Мындан тышкары милицияга Ысык-Ата районунун дагы үч тургуну ушундай эле арыз менен кайрылышкан. Алардын да арыздары каттоого алынып, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иштери козголгон.
Шектүү катары мурда соттолгон 1991-жылы туулган К.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар-жогу аныкталууда. Тергөө иштери уланууда.