УКМК Баткендеги миллиондогон сомдук кыш заводду мамлекетке кайтарды

Баткен облусунун Раззаков шаарындагы 226 миллион 44 миң сомдук кыш чыгаруучу завод мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, завод 1994-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Анда мамлекеттин 30 пайыз үлүшү болгон.

Бирок мамлекет "АООТ-Исфана" компаниясынан дивиденд алган эмес.

"Мындан улам "АООТ-Исфана" ААКсынын акционерлери жана төрагасы А.Д. Анарботоев менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жыйынтыгында кыш заводу 12558,0 чарчы метр жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан