Кеминде белгисиз адамдар Кытай жарандарын сабап кетишти

Кемин районунда чет өлкөлүк жарандар сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалымдагандай, 28-декабрда милицияга Кемин райондук ооруканасына Кытайдын эки жараны денесинен жаракат алып кайрылышканы тууралуу маалымат түшкөн. Факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Текшерүү иштеринде Кытай өлкөсүнүн 54 жана 51 жаштагы жарандары Кемин шаарындагы нефти базанын жумушчулары экени такталган. Алар ошол күнү саат 12:00дөр чамасында азык-түлүк дүкөнүнөн соода кылышып, базага кайтып келе жатышканда белгисиз эки адам жолдон күч колдонуп, денелерине залал келтирип, биринин телефонун тартып алышып, унаа менен качып кетишкен.

Облустук милициядан бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, учурда шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан