Дөө Чыңгызды өлтүргөн жаранга телефон берүүгө аракет кылган жигит кармалды (фото)

12-январда Жазаларды аткаруу кызматынын №3 түзөтүү мекемесинин жана Конвой күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз өткөрүү аракети алдын алынды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы маалымдады.

Андагы маалыматка ылайык, мекеменин жанынан ак түстөгү 2005-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран ичинде отурган КИА К5 үлгүсүндөгү унаа текшерилген. Унааны тинтүү учурунда төмөнкү буюмдар табылып, алынган:

- үч бычак;

- таякча;

- патрондору бар пневматикалык газ тапанчасы;

- оюнчук мылтык;

- iPhone маркасындагы эки уюлдук телефон;

"Ж.К. аттуу жаран эки уюлдук телефонду Дөө Чыңгыз деген каймана ат менен белгилүү болгон криминалдык лидер Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган Биримкулов С. аттуу жаранга өткөрүп берүүнү көздөгөн.

Ошондой эле соттолгон С.Биримкуловдун өзү байланыш жабдууларын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, жазалоочу камерага киргизилди", - деп билдиришти Жазаларды аткаруу кызматынан.

Ал эми кармалган жаран милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан