Лейлекте коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен электрондук тамеки алып чыккан жаран кармалды

Лейлекте коңшу өлкөдөн аткезчилик жол менен электрондук тамеки алып чыккан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Баткен облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун тургуну 30 жаштагы С.Р. 9-январда саат 20:00 чамасында Борбордук айылында чек ара тилкеси болгон Худжант-Конибодом унаа жолунун четине барып, Тажикстандын жараны менен жолугуп, бажы контролунан кыйгап өткөрүлгөн 8 кутуга салынган, ичинде 1650 даана электрондук сигареталарды жүктөп алып, Кыргызстандын аймагында сатуу максатында Достук-Мурас унаа жолу менен бара жаткан жеринен кармалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (Кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 231-беренеси (Экономикалык контрабанда) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпы товардын баасы 2 миллион 565 миң сом экендиги белгилүү болду.

Кылмышка шектелип кармалган С.Р. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан