Бүгүн, 13-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнө берилген кагаздардын көптүгүн көрсөтүп, анын ордуна планшет сатып алууну сунуштады.
“Караңызчы канча кагаз? Бул бир эле депутатка берилгени, миң сом турса керек. Андан көрө биздин комитетке планшеттерди алса жакшы болот беле?” - деди эл өкүлү.
Аны кесиптеши Марлен Маматалиев кубаттап, Агрардык комитеттин депутаттарына Айыл чарба министрлигинин долбоору аркылуу планшеттер сатып алынганын кошумчалады.
Комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов 2025-жылга карата бюджетте Жогорку Кеңештин залдарын оңдоо жана депутаттарга шарттарды жакшыртуу үчүн каражат каралганын, ошонун алкагында планшет да сатып алынат деп үмүттөнөрүн билдирди.