Бишкек шаарындагы 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу түтүгү жарылып, ысык суу көчөлөрдү каптады. Мындай видео бүгүн, 13-январда социалдык тармактарга тарады.
Видеодон көчөлөрдү каптаган суудан буу чыгып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы учурда аталган жерге оңдоп-түзөө үчүн атайын топ жөнөтүлгөнүн, сууну токтотуу аракеттери болуп жатканын кабарлады.