
Ош шаарында наабайчы болуп иштеп жүргөн коңшу өлкөнүн жараны каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, Ош шаарынын ооруканасынан 102 ыкчам байланыш телефону аркылуу кабар берилген. Анда 1-январдан 2-январга караган түнү саат 03:30да белгисиз адамдар тарабынан ооруканага жеткенге чейин каза болуп калган адамды алып келгендиги кабарланган. Каза болгон адамдын денесинде бычактан алган жараты болгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал коңшу өлкөдөн келип, Ош шаарында жалданып жумуш жасап жүргөн 2000-жылы туулган С.К. болгон.
Кылмышка шектүү катары 2-январда, маркумдун мекендеши, 2000-жылы туулган А.З. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Коңшу мамлекеттин эки жараны Ош шаарына жумуш издеп келишип, Х.Алимжанов көчөсүндө жайгашкан наабайканалардын бирине наабайчы болуп иштеп жатышкан. Кылмыш болгон күнү эки жердеш алкоголдук ичимдиктерди ичип отурушуп, өз ара чырдашып кетишкен. А.З. ошол жерде өздөрү пайдаланып жүргөн аш бычак менен өзүнүн жердешинин сол ийинине сайып жиберген. Жабырлануучу С.К. жардам сурап кыйкырганда жумуш берүүчү, үйдүн ээси К.А. жетип келген. Ал жабырлануучуну Ош шаарынын ооруканасына жеткирген учурда, дарыгерлер анын каза болуп калгандыгын билдиришкен.
Шектүү, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ош шаарынын соту тарабынан тергөө амалдары аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча чечим чыгарды", - деп билдиришти Ош ШИИБден.