"Дагы бир өмүр кыйылды..." Аксыда 50 жаштагы аял күйөөсүнүн колунан ажал тапты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйөөсүнүн ур-токмогунан бир аялдын өмүрү кыйылды. Бул туурасында Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Аксы райондук милициясына Үч-Коргон айылдык ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда 10-январь түнкү саат 03:00 чамасында аталган айылдын 1974-жылы туулган М.А. аттуу аялды өзүн билбеген абалда "Тез жардам" кызматы алып келгендиги кабарланган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, күйөөсү аялын 10-январга караган түнү сабаган. Аял алган жараатынан улам ошол эле күнү саат 09:22 чамасында өзүнө келбей ооруканада каза тапкандыгы кошумчаланган. Анын бир тууган агасы милицияга арыз менен кайрылып, карындашынын жолдошуна карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү сурагандыгы маалым болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден-соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1974-жылы туулган Аксы районунун тургуну О.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан