Кыргызстандык мушкер, украиналык “Украинские атаманы” жарым профессионалдык бокс клубунун мүчөсү Азат Усеналиевдин Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларындагы кезектеги атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларынын 5-туру 11-январда өтөт. Анда “Украинские атаманы” клубу алжирлик командага каршы туруп, 5 салмак категориясында намыс талашышат. 52 килограмм салмакта рингге чыга турган Азат Усеналиев Амин Хентачи аттуу мушкерге каршы турат.