Кара-Сууда 15 жаштагы эгиз балдар тонолду

Кара-Суу районунда тоноого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 13-январда милицияга 47 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү 15 жаштагы Э.А. жана Э.Ү. аттуу эгиз балдары Кара-Суудан Ош шаарына баратканда жолдон белгисиз адамдар балдарынын РОСО М5 үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышканын айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Кара-Суу районунун 20 жаштагы М.И. жана Р.А. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда жана тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан