Сузакта 20 жаштагы жигит 54 жаштагы жаранды өлтүрө сүзүп, качып кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 54 жаштагы жаранды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 11-январда болжол менен саат 21:10 чамасында болгон. Жабырлануучу ошол жерде көз жумган. Бул факты боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, шектүү кылмыштын изи сууй электе Honda CR-V үлгүсүндөгү унаасы менен колго түшкөн.

Шектүүнүн өздүгү такталды. Ал 20 жаштагы Т.А. аттуу жаран болуп чыкты.

Учурда унаа айып короого киргизилип, шектүү Сузак райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан