Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкектин четиндеги Дача СУ айылындагы окуучулар мектепке барыш үчүн түйшүк тартып жатканын айтты.
Эл өкүлү өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, алардын маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.
"Дача СУ деген жер бар. Тагдыры дагы, шарты дагы өтө татаал. Мына ошол жердин жашоочулары балдарын мектепке алып барыш үчүн ал жакта мектеп жоктугуна байланыштуу таңкы саат 6да турушуп, көчөдөн өткөн унааларды тосушат. Анткени маршруттук каттам да жок, автобус да жүрбөйт экен. Ал жакка жаңы сатып алынган мектеп автобустарын киргизсин, же жок дегенде маршрутка жүргүзүп койгулачы. Эл аябай кыйналып жатат", - деди Маматалиев.