Бишкек шаарында уурулукка шектелип 40 жаштагы чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-сентябрда милицияга калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал 9-сентябрда базарлардын биринин унаа токтотуучу жайында унаасынан 400 миң сомун уурдатканын айткан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1984-жылы туулган чет элдик З.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.