13 жаштагы казакстандык муз үстүндөгү бийчи Элизабет Турсынбаева Словакияда өткөн эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды

6-январда Словакиянын Братислав шаарында өткөн муз үстүндө бийлөө боюнча эл аралык мелдеште 13 жашар Элизабет Турсынбаева өз жаш курагындагылар арасында алтын медаль тагынды. Бул маалымат казакстандык басылмаларда жарык көрдү. 

Маалыматка ылайык, мелдешке 10 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Анда казакстандык спорт сүйүүчүлөрүнүн үмүтүн актап, өлкөнүн капчыгына жалгыз алтын алып келген Элизабет Турсынбаева болду.  

Кошумчалай кетсек, Элизабет аталган спорт түрү боюнча спорт чеберине талапкер. Казакстандын 3 жолку чемпиону жана 2013-жылкы Минск шаарынын "Гран-При" мелдешинин күмүш медалынын ээси.

Казакстандык маалымат булактарына таянсак, 13 жашар Элизабет Турсынбаеванын апасы Падышахан Султаналиева кыргыз улутунан болсо, атасы Байтак Турсунбаев казак улутунан. Алар кызынын карьерасы үчүн Канадага көчүп барып,аны белгилүү машыктыруучу Брайан Орсердин колуна тапшырган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан