Бишкек шаарындагы Милициянын кайгуул-кызмат башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору кабарлады.
Маалымдалгандай, аталган кызматтын укук тартибин сактоо бөлүмүнүн инспекторлору, мыйзамсыз материалдык байып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Алар автоунааларды камоочу жайлардан алып чыгууга уруксат берүүгө жана ар кандай тоскоолдуктарды жасалма жол менен түзүү боюнча туруктуу схема түзүп алышкан. Ишти карап чыгууну тездетүү жана оң чечим кабыл алуу үчүн, жол кырсыктардын катышуучуларын акча каражаттарды берүүгө мажбурлашкан.
Кечээ, 14-январда Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгында тинтүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген факт боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада Т.С., И.К., Б.у.З., А.К. аттуу инспекторлор кармалды.
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, шектүүлөр эми президент 31-декабрда кол койгон жемкорлукка каршы туруу мыйзамынын алкагында айыпка тартылат.